26-апрель.Украина жөнүндө эмнелерди жазып жатышат?
RU

26-апрель.Украина жөнүндө эмнелерди жазып жатышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Би-би-синин орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар акыркы бир күндө Украинада кандай окуялар болуп жатканын жана бул конфликтин айынан дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр жүрүп жатканын айтып беришти.

  • Россиянын башкы прокуратурасынын коллегиялык жыйынында Владимир Путин телеалып баруучу Владимир Соловьевго кол салуу боолгонун маалымдады. Аны неонацисттер Укранинанын коопсуздук кызматынын буйругу менен өлтүрүүгө аракет кылган имиш.
  • Кечээ, дүйшөмбү күнү Wall Street Journal АКШ гимнаст Алина Кабаевага каршы санкцияларды киргизүүнү пландап жаткан, бирок кийин бул оюнан баш тартты деп жазды. Алар РФтин президенти Владимир Путинди ого бетер ачуулантып алгандан чоочуркаган имиш. Себеби Путин менен Кабаева экөөнүн ортосунда үч баласы бар.
  • БУУ берген маалыматтар боюнча согуш башталгандан бери Украинада 2 665 жөнөкөй жаран каза болду.
  • Россиянын Белгород облусунун губернатору берген маалыматка ылайык, чек арадагы эки айыл аткыланды. Жабыркагандар бар.
  • Мариуполь шаарынын четинде жөнөкөй жарандардын массалык көмүлгөн жайы табылды.
  • Британиянын коргоо министри берген маалымат боюнча, Россия атайын аскер операциясын баштагандан бери 15 миңге чукул жоокерин жоготту.
  • Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Польша Украинаг танк бергенин моюндады. Бирок канча танк берилгенин ачыктаган жок.
  • Германиялык концерн, бийлигине расмий түрдө кайрылып, Украинага Leopard 1A5 танкасынын 88 даанасын жеткирип берүүгө уруксат сурады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/6476