Улуттук банк акча которуулар системасына өзгөртүүлөрдү киргизди
4151
Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт.
- Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот.
- Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
- Которулган акчаны алып/жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн.
Токтом 2022-жылдын 19-апрелинен тартып күчүнө кирет. Анын мөөнөтү тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин созулат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/6416