Доллар эмнеге арзандап жатат? Адистин пикири
RU

Доллар эмнеге арзандап жатат? Адистин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн эртең менен доллар 4-5 сомдун тегерегинде баасын түшүрүп жиберди. Учурда долларды Бишкекте орто эсеп менен 91 сомго сатып алышып, 94 сомдон сатып жатышат.

Доллардын курсунун кескин төмөндөп кетишине Россиянын газды Батыш мамлекеттерине рубль менен сата баштаганы себеп болууда. Бул тууралуу РИА Новости сайтына таянып Sputnik Кыргызстан жазды.

Маалыматка караганда, Москва биржасынын соодасы жабылган учурда (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00) доллар 5,81 рублге түшүп (97,74 рубль) калган.

Кыргызстанда доллардын арзандашына дагы дал ушул фактор себеп болгонун "Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов түшүндүрдү.

"23-март күнү Россиянын президенти Владимир Путин Европага газ рубль менен сатыларын айтты. Мындан улам Россия акчасынын позициясы бекемделип, бул нерсе сомго дагы таасирин тийгизди", - деди Рыскулов.

Учурда долларды Бишкекте орто эсеп менен 91 сомго сатып алышып, 94 сомдон сатып жатышат.

Москва биржасы саат 13:00дө ачылат. Андан аркы абал рублдин позициясынан көз каранды болмокчу.

Эске салсак, бүгүн эртең менен доллар 4-5 сомдун тегерегинде баасын түшүрүп жиберген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/6097