Эдил Байсалов: Президент жаңыдан гана толук кандуу иштей баштады
2802
Президент өз милдетине эми гана киришти. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын талкуулоо учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун президенттигинин биринчи жылы конституциялык реформаны ишке ашырууга жумшалды.
"Президент чындыгында өз милдетине эми гана толук киришүүдө. Биринчи жылы конституциялык реформаны ишке ашырууга жумшалды. Президентти эл колдоп, бийликтин курсун колдоду", - деди Байсалов.
Ал азыркы бийликке шылтап, кине коюп жаткан нерселер чындыгында мурунку бийликтин катачылыгынын кесепеттери экенин кошумчалады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/4743