Эки тергөөчүнү пара алып жаткан жеринен кармашты
7488
УКМКнын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, бир-эки саат мурун тергөөчүлөр 800 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Алардын аты-жөнү азырынча айтыла элек.
Кармоо Ички иштер министрлигинин СВР кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/4301