Равшан Жээнбековдун адвокаты: Ал чет өлкөдө дарыланууга муктаж
RU

Равшан Жээнбековдун адвокаты: Ал чет өлкөдө дарыланууга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековго орто фиброз деген диагноз коюлган. Ал Түркияда дарыланууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында, "Садмир" гепатологиялык борборунда, Равшан Жээнбековго 2-3-даражадагы фиброз деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу ал Түркияда дарылануу каалоосун билдирген. Арызыбыз жеткен, бирок, чечим кабыл алына элек. Эртең (27-октябрь - Kaktus.mediaнын болжолу) дарыгердин пикирин эске алуу менен жүргүзүлүп, бул оору боюнча толук маалымат бериши керек", - деди адвокат.

Эске сала кетсек, 19-октябрда Равшан Жээнбековдун боорунун оорусу күчөп, медициналык кароодон өтүүгө туура келгени белгилүү болгон. Ал Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталуучуларынын бири жана учурда СИЗО-1де. Андан тышкары 12-октябрда бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/4056