Өз миссиябыз бар. Муфтият Рафаэль Физиевдин айткандарына жооп берди
RU

Өз миссиябыз бар. Муфтият Рафаэль Физиевдин айткандарына жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билдирүүдө спортчунун айткан нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жок экени айтылат. Диний уюм атлеттин кысым болду дегенин төгүнгө чыгарууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кабарлады.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы UFC мушкери Рафаэль Физиевдин муфтиятка карата айткандары тууралуу комментарий берди. Диний башкармалыктын позициясын мекеменин маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Анын айтымында, мушкердин айткан нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жок.

Физиевдин айткандарына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эч кандай тиешеси жок. Муфтият кимдир бирөөнү коркутуп-үркүтүү менен алектенбейт. Өзүнүн уставдык миссиясы бар, ошонун негизинде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, агартуучулук аракеттерин көрүп келет. Маселен, учурда эң актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө, ысырапкерчилик жана ислам дининин баалуулуктарын жайылтуу менен алектенет. Физиевдин муфтиятка карата айткан сындарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы туура эмес деп эсептейт.

Эске салсак, мушкер бүгүн Кыргызстандан кетери тууралуу Instagram баракчасы аркылуу билдирүү жасап, мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген.

Ал ошондой эле мындан ары Кыргызстандын желеги менен беттештерге чыгууну токтоторун айткан.

Кыргызстанда туулган 28 жаштагы Рафаэль Физиев UFC уюмунда беш таймаш өткөрүп, анын төртөөндө жеңген. Буга чейинки кармаштарында ал Кыргызстандын желегинин астында чыгып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/3916