"Северэлектро" ААК электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.
RU

"Северэлектро" ААК электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ыңгайсыздыктарга жана Жаңы жылда, андан кийинки 1-3- январь эс алуу күндөрү электр жарыксыз калбаш үчүн "Северэлектро" ААК электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.

Эске салсак, ай сайын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт.

Баса белгилей кетчү нерсе, турмуш-тиричилик жана өндурүш абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында "Северэлектро" ААКнын se.kg сайтында "Абоненттин балансы" рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен "Северэлектро" ААКнын бардык абоненттери каалаган учурунда өздүк эсебинин абалын текшере алышат. Кол алдыңызда эсеп-дүмүрчөгүнүз жок болуп калса дагы сайт аркылуу өздүк эсепти текшерип, өзүңүзгө ынгайлуу жолу менен төлөм жүргүзсөңүз болот.

Азыркы санариптештирүү маалында кардарлар электр энергиясын сатуу бөлүмүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү "Quickpay", "Pay24", "UMAI", "KICB", "БТА Банк" терминалдары, "UMAI", "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот.

Кардарлар карызы бар же жок экендиги тууралуу маалыматты "Северэлектро" ААКнын колл-борборунун 1209 кыска номерине чалып алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/251