Аялдардын ишкердүүлүгү. Ички дүң продукцияны көбөйтүүнүн оңой жолу
Экономикалык өсүү темпин кантип көбөйтүү керек? Ар кандай жолдор бар, бирок эң натыйжалуусу – эмгек рыногунда гендердик теңчиликти камсыз кылуу. 2015-жылы эле McKinsey компаниясы аялдар да эркектер сыяктуу эле эмгек рыногуна тартылган болсо, анда дүйнөлүк ИДП 2025-жылга карата 26%га өсөт деп эсептешкен, бул 28 триллион долларды түзөт. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө аялдардын эмгек рыногуна катышуу деңгээли 80% эркектерге салыштырмалуу 50%ды эле түзөт.
Албетте, изилдөөчүлөр чыныгы теңчиликке кыска мөөнөттө жетүү реалдуу эместигин түшүнүшөт. Бирок бул багытта аракет кылуу зарыл. Экономикадагы аялдардын үлүшүн кантип көбөйтүүгө болот жана ал үчүн Кыргызстанда эмне жасалып жатат – Kaktus.media материалында.
Маалымат үчүн: Дүйнө жүзү боюнча аялдар эмгек рыногуна эркектерге караганда азыраак тартылган, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 80% эркектерге каршы аялдардын 50%ы иштешет же жумуш издешет. Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Түндүк Африканын айрым өлкөлөрүндө бул ажырым 50 пайызга чейин жетет. Бир кылым мурун Түндүк Америкада жана Европада ушундай жагдай болгон, аялдардын эмгекке тартылуусунун өсүшү, балким, өткөн кылымдагы эң маанилүү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн бири. Бирок эмгек рыногуна тартылууда "теңдөө" гендердик теңчиликти билдирбейт. Дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө, аялдар ошол эле жумушту аткарууда эркектерге караганда азыраак акча табышат жана карьерасында "айнек шыпка" көбүрөөк туш болушат.
"Көз карандысыздык маалында экономиканын калыптанышында аялдардын ишкердиги чоң роль ойноду", – деп эскертет жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) президенти Гүлнара Ускенбаева. – Эл аралык майда дүң соода бизнесинин негизги бөлүгүн аялдар түзгөн. Аял ишкерлер соода тармагында дагы эле көп. Алар соода борборлорунда чакан дүкөндөргө же бутиктерге ээ. Бирок азыр аялдар өз бизнесин кеңейтип, жаңы чөйрөлөрдү өздөштүрүп жатышат, мисалы, аялдар көбүрөөк логистика тармагында, жеткирүү кызматында. Башкача айтканда, келечектүү, өнүгүп келе жаткан тармактарда. Бирок ишкер аялдардын саны дагы эле аз".
Кыргызстанда учурда 2022-2026-жылдарга карата аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштеп жатат. Мындан тышкары өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан донордук уюмдардын финансылык колдоосу менен аялдардын демилгелерин колдоо боюнча бир катар программалар иштеп жатат.
Бирок "Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү фонду" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, Эл аралык жеке ишкердик борборунун өкүлү Асел Кубанычбекованын айтымында, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жолтоо болгон бир катар көйгөйлөр калууда, бул – финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн чектелгендиги, башкаруучулук компетенттүүлүктүн жетишсиздиги, гендердик стереотиптер, финансылык жана укуктук сабаттуулуктун төмөндүгү, ошондой эле үй-бүлөлүк милдеттерден улам өзүн-өзү өнүктүрүүгө убакыттын жетишсиздиги.
Чыныгы окуя: Азиза (аты өзгөртүлдү) 18 жашында турмушка чыгып, орто билим да алган эмес. Биринчи баласын төрөгөндөн кийин тигүү курсун аяктап, цех ачууну чечкен. Бирок ага баштапкы капитал керек болгон. Күйөөсү Азизаны колдоодон баш тарткан. Ал банкка кайрылган, бирок керектүү күрөө мүлкү болбогондуктан насыя ала алган эмес. Азиза 32 жашка чыкканда ажырашып, ишенимдүү киреше булагы жок калган. Бактыга жараша, Азизанын пилоттук долбоорун эл аралык уюм өз айылында ишке ашырып берип, анын алкагында Азиза окуудан өтүп, каржы алууга мүмкүнчүлүк алды. Натыйжада ал өзүнүн тигүү цехин ачкан, ал цехте ошол эле айылдын башка аялдары эмгектенишет.
Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) президенти Гүлнара Ускенбаева жалпысынан ишкерлер (аялдар да, эркектер да) бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилейт. Негизинен аял ишкерлер өтүп жаткан конкреттүү тоскоолдуктар бар.
Акыркы жылдары салыктардын администрлөөсү кыйла татаалдашып, отчетторду тапшыруу үчүн көбүрөөк материалдык чыгымдарды талап кылууда. Бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү белгилүү деңгээлде токтотуп жатат, бирок өлкө жетекчилиги чакан бизнести колдоо боюнча аракеттерди көрүп келет.
Баарыбыз президенттин "салык төлөбөй эле коюңуздар, негизгиси ККМди колдонушсун" деген жарлыгын жакшы билебиз. Тилекке каршы, бул аймактарда дайыма эле иштей бербейт. Кээде, балким атайылап, же кээде билип-билбей эле салык кызматкерлери ишкерлерди адаштырууда", - дейт ал.
Мындан тышкары, Ускенбаева айымдын айтымында, аял ишкерлерге негизинен көп тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет.
"Аялдарга бизнес менен алектенүү гана эмес, балдардын, ата-энелердин, туугандардын, жолдошторунун маселелерин чечүү милдети дагы жүктөлгөн. Көпчүлүгүнүн материалдык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Балдар бакчаларынын жана толук күндүк мектептердин жетишсиздиги да аялдардын ишкердигинин өнүгүшүнө тоскоол болууда", - деп эсептейт Гүлнара Ускенбаева.
Ушул эле тыянакка Асел Кубанычбекова да кошулат.
Жакында эле мен регионалдык обзор "Пекин+30": "ЕЭК аймагында гендердик теңчиликти тездетүү үчүн Пекин иш-аракеттер платформасынын милдеттенмелеринин 30 жылдыгына сереп" жолугушуусуна катыштым, – деп баса белгиледи Асел. – Мен өз сөзүмдүн алкагында аялдардын экономикага катышуусун чектөөдө чечүүчү ролду ойногон жана алардын Борбордук Азияда өзүнүн потенциалын ачууга жолтоо болгон бир нече жашыруун тоскоолдуктарды бөлүп көрсөттүм.
1. Коопсуздук: учурдагы ишкердик экосистемалар аялдар үчүн кооптуу. Мисалы, менин аймагымдагы соода менен алектенген аялдар көбүнчө чек ара бекеттеринде сексуалдык ыдык көрсөтүүгө дуушар болушат, көбүнчө бул көйгөйдү эсепке алууга мүмкүн эмес. Чек ара аймактарында көбүнчө жөнөкөй эле коопсуздук чаралары жок: жарык жок, камералар жок жана кызматкерлер көбүнчө эркек кишилер. Натыйжада көптөгөн аялдар өздөрүн коопсуз сезиш үчүн бизнестен чыгууга же өнөктөш катары эркек адамдарды алууга аргасыз болушат. Бул адилетсиздик гана эмес, алардын экономикалык потенциалын толук ачууга тоскоолдук жаратат. Биз аялдар бизнесин өркүндөтүшү үчүн коопсуз шарттарды түзүшүбүз керек.
2. Маалыматтар: ишкер аялдар экономикада көрүнбөгөн бойдон калууда. Аялдардын бизнеске катышуусу жөнүндө олуттуу так гендердик сезимтал маалыматтардын жетишсиздиги бар.
3. Чечим кабыл алуу: аялдар чечим кабыл алуу процесстеринен системалуу түрдө четтетилген. Экономикалык саясатты иштеп чыгуудан баштап, каржы системасын башкарууга чейин, аялдар жетекчилик кызматтарда аз көрсөтүлөт.
Кырдаалды кантип өзгөртсө болот
Ишкерлер өздөрү, программанын кабыл алынуусу – эмгек рыногунда теңчиликке жетүү үчүн чоң кадам деп эсептешет.
Бул программанын алкагында төрт маанилүү багыт аныкталган:
- Мыйзамдык жөнгө салуу.
- Маалыматка жетүү, бизнес боюнча билим алуу.
- Каржылоого мүмкүнчүлүк алуу.
- Аялдардын бизнес-ассоциацияларын, ишкерлер коомчулугун колдоо.
"Программанын бардык багыттары боюнча бизде жыйынтыктар бар", – дейт Экономика министринин орун басары Гульшат Асылбаева. – Финансылык камсыздоо боюнча айтсак, 2023-жылга карата кредит портфели боюнча бардык кредиттердин 49%ын аялдар алышкан. Социалдык контракттын алкагында каражаттардын 95%дан ашыгын да аялдар алышты, кеп пайызсыз насыялар тууралуу. Кыргызстанда 11 банк аркылуу ишке ашырылып жаткан бизнести жеңилдетилген каржылоого тиешелүү Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча каражат алгандардын жалпы саны 8 миң адам. Алардын ичинен 5 миңден ашууну аялдар.
Азыр Кыргызстан мыйзамдык деңгээлдеги өзгөртүүлөрдү кабыл алышы керек. Баарынан мурда "аялдардын ишкердиги" түшүнүгүн киргизүү керек.
"Аялдар ишкердигин системалуу жана сапаттуу өнүктүрүү үчүн бири-биринин гана эмес, мамлекеттин да колдоосу керек", – дейт Гульнара Каликова, Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча "Демилгелүү Айымдар" Коалициянын мүчөсү, "Курак" аялдар форумунун башкаруу органынын жана "Аялдар арасында ишкерлүүлүктү өнүктүрүү" She Starts Коомдук Бирикмесинин башкаруу органынын төрайымы. – Ошондуктан аялдардын ишкердүүлүгүнүн аныктамасын мыйзамдаштыруу маанилүү.Ишкер аялдар өзгөчө укуктарга ээ болушу керек деп айткан жокпуз. Ишкердикте – жынысына карабастан бардыгы бирдей тең болушу керек. Айрыкча аял ишкерлерде бирдей мүмкүнчүлүктөр болушу керек, ал эми чыныгы жашоодо аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр азыраак. Бул аялдардын мүлкү да аз болгондугуна байланыштуу күнүмдүк жашоого көбүрөөк убактысы тиричиликке кетет. Демек, ири каржылоону алууда мүмкүнчүлүктөр төмөн (аялдардын күрөө мүлкү жок же аз), маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, ишкерликти үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр жетишсиз. Эгерде аялдардын ишкердүүлүгүнүн аныктамасы мыйзам менен бекитилсе, анда ал даректүү колдоо аркылуу, өзгөчө каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт".
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Эльдар Абакиров жана Камила Талиева тарабынан тиешелүү демилгелер көтөрүлүүдө.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесине төмөнкү аныктаманы киргизүү сунушталууда:
"Аялдар ишкердиги – бул ишкердиктин төмөнкү субъекттери ишке ашырган ишкердүүлүк:
жеке ишкер катары ишмердүүлүк жүргүзгөн аял;
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жак, анын акцияларынын же катышуу үлүшүнүн кеминде 51 пайызы аялдарга таандык жана штаттык кызматкерлеринин кеминде 51 пайызын аялдар түзөт", - деп айтылат түшүндүрмө-маалыматта.
"Бул аныктаманын болушу ишкер аялдарды мамлекеттик колдоонун потенциалдуу алуучулары катары идентификациялоого мүмкүндүк берет, – деп түшүндүрөт өзүнүн демилгесин Эльдар Абакиров. – Мыйзам деңгээлинде ишкер аялдарды чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин өзгөчө категориясы катары таануу аялдарды ишкердик ишке стимулдаштыруунун, аларды бизнеске тартуунун, өлкөнүн экономикасына алардын катышуусун жогорулатуунун зарыл шарты болуп калышы мүмкүн, ошондой эле экономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун жана үй-бүлөлөрдүн гана эмес, бүтүндөй коомдун бакубаттуулугун жогорулатуунун факторлорунун бири болушу мүмкүн".
Мыйзамдаштырылган терминдин пайда болушу аялдар үчүн так инструменттерди сунуштоого мүмкүндүк берет.
"Белгилүү бир максаттуу аудитория пайда болот, ага салыктык жеңилдиктер сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоого болот, - деп белгилешти Экономика министрлигинен. - Ошондой эле бул түшүнүктү статистикага киргизип, аялдардын ишкердигинин өнүгүү процессин көрүп, көзөмөлдөй алабыз. Анткени статистикалык маалыматтарга сөзсүз таянышыбыз керек. Банктардын каржылоо секторунда да аялдардын ишкердигине байланыштуу белгилүү бир көрсөткүчтөр болушу керек. Эгер гранттык жардам же максаттуу инструменттер бар болсо, бардык жерде так көрсөткүчтөр талап кылынат. Ал көрсөткүчтөрдү жаратуу үчүн мыйзам тарабынан бекитилген объект болушу керек".
Коңшулардын тажрыйбасы: Өзбекстан Иордания, Малайзия, Сьерра-Леоне жана Того менен катар аялдардын ишкердүүлүгүн илгерилетүү боюнча эң ийгиликтүү беш өлкөнүн катарына кирди. 2022-жылдын октябрынан бери өлкөдө аялдардын абалын жакшырткан төрт маанилүү укуктук реформа ишке ашырылды.
Тактап айтканда, бул реформалар эки негизги көрсөткүчтүн – "Эмгек акы" жана "Нике" боюнча өлкөнүн позициясын жакшыртууга оң таасирин тийгизди. Бул Өзбекстандын рейтингин 11,9 пунктка жогорулатууга алып келди жана азыр "Аялдар, бизнес жана мыйзам-2024" индексинде мүмкүн болгон 100 баллдан 82,5 баллга жетти. Өлкө Сингапур, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу эле бирдей упай топтоп, Борбор Азияда эң мыкты көрсөткүчкө ээ болду.
Тактап айтканда, Өзбекстан аялдарга бирдей баалуу эмгеги үчүн эркектерге бирдей эмгек акы төлөөнү кепилдеген ченемдерди кабыл алды. Ошондой эле айрым тармактарда аялдардын эмгегин колдонууга чектөөлөр алынып салынды. 2022-жылдын октябрында жаңы кабыл алынган Эмгек кодексинде эмгек укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарга жана конвенцияларга ылайык келген бул жоболор камтылган.
Мындан тышкары Өзбекстанда аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргогон ченемдер кабыл алынган. 2023-жылдын апрелинде кылмыш-жаза кодексине жана административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинде үй-бүлөлүк мамилелердеги физикалык, психологиялык жана экономикалык зомбулук менен күрөшүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле кылмыштардын бул түрлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленген.
Аялдардын ишкердиги бизнес жөнүндө гана эмес
"Аялдардын ишкердиги тууралуу айтсак, көпчүлүк бул аялдарга гана тиешелүү, бул алардын кызыкчылыгында гана деп ойлошот", – деп баса белгилейт Асел Кубанычбекова. – Бирок, чындыгында, аялдардын ишкердүүлүгү бүтүндөй коом жөнүндө. Биринчиден, аялдар экономикалык иш менен алектене баштаса, демек, үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүшөт. Экинчиден, аял ишкердик менен алектенип жатып мамлекеттик бюджетти көбөйткөн салыктарды төлөйт. Ал эми бул мамлекетке өлкөдө сапаттуу экономикалык жана социалдык саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары мындай колдоо теңчиликке жетүүгө мүмкүндүк берет.
"Бир гана жыныстагы адамдар иштеген компаниялар рынокто анча ийгиликтүү эмес экенин көрсөткөн кызыктуу изилдөө бар. Анткени инновация көп түрдүүлүк болгон жерде гана болот, мында баарынын муктаждыктары эске алынат", – дейт Кубанычбекова.
Маалымат үчүн: аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнүн пайдасы ("Курак" фондунун маалыматы боюнча).
- ИДПнын өсүшү
- аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү
- эмгек акы төлөө деңгээлиндеги ажырымды азайтуу
- аялдардын миграциясын азайтуу
- рыноктогу жаңы идеялар
- адамдык капиталдын өсүшү
- социалдык бизнес долбоорлору
- үй-бүлөлүк баалуулуктарды түшүнүү менен бизнести байытуу
- мыйзамга баш ийген, ак ниеттүү жана жоопкерчиликтүү салык төлөөчүлөр.
"Аялдардын ишкердиги – бул аялдардын укуктары үчүн күрөш эмес, бул экономиканын маселеси. Бул өлкөнүн ИДПсын эч кандай чоң аракеттерсиз көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет, - дейт Асел Кубанычбекова. - Азыр Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө шарт болуп жатат. 2030-жылга чейин экономикабыздын туруктуу өсүшүн камсыздоого, алдыңкы беш жыл өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү ушул процесстин маанилүү бөлүгү болуп саналат".
Эгер мамлекет ишкер аялдарга жардам бере алса, аялдар өз кезегинде өлкө экономикасынын өсүшүнө жардам берерин, алардын үй-бүлөсү менен балдарынын бакубаттуулугу өсө турганын, демек, билим берүү жана саламаттыкты сактоо дагы жакшырарын Гульнара Каликова баса белгилейт.
"Өлкө, коом өнүксүн десеңиздер, аялдар бул процесске өз салымын кошо алышы үчүн шарт түзүңүздөр!"