Москвада кыргызстандык жаран киши өлтүрүүгө шектелди
RU

Москвада кыргызстандык жаран киши өлтүрүүгө шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада адам өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалды. Бул маселени Кыргызстандын тиешелүү органдары көзөмөлгө алганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Жогоруда аталган кылмыштын бардык жагдайларын жана ага Кыргыз Республикасынын жаранынын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн элчиликтин кызматкери тарабынан Россиянын компетенттүү мамлекеттик органына тиешелүү чыгуу жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17782