Дүйнөлүк чемпионат: Асан Жанышов байгеге ээ болду
RU

Дүйнөлүк чемпионат: Асан Жанышов байгеге ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Спортчу 87 кг чейинки салмакта күч сынашып, 1/16 финалдык беттеште венесуэлалык балбан Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде жеңип, жарым финалдык беттеште оруссиялык Ауэс Гонибошко утулган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17774