Ошто 13 гектар жерге жаңы көрүстөн уюштурулат
RU

Ошто 13 гектар жерге жаңы көрүстөн уюштурулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында жаңы борбордук көрүстөнгө жер бөлүндү. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Төлөйкөн муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы көрүстөндү уюштуруу иштерин көрүп чыкты.

Жаңы көрүстөн үчүн жалпы 13 гектар жер ажыратылган. Ага баруучу жолго толук асфальт басылып, жарыктандыруу үчүн мамычалар орнотулду. Көрүстөндүн айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлду. Учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Долбоордү ишке ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 миллион сомдук демөөрчүлүк жардам тартылган.

Ош шаарында жалпы 13 көрүстөн бар, анын ичинен жетөө иштеп жатат. Ош шаарындагы биринчи борбордук көрүстөн 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделген жана 80 пайызга толуп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17756