Баласы менен автокырсыкта каза болгон эне Бажы кызматынын капитаны болгон
RU

Баласы менен автокырсыкта каза болгон эне Бажы кызматынын капитаны болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таксиде баратып, кырсыкка кабылып каза болгон аял Мамлекеттик бажы кызматынын капитаны болгон. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлап, некролог жарыялады.

"Мамлекеттик бажы кызматынын жамааты күтүүсүз дүйнө салган бажы кызматынын кызматкери, бажы кызматынын капитаны Алтынай Акбаеванын туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.

Алтынай Акбаева 1990-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеген. Манас бажысында ар кандай кызматтарды аркалаган.

Бажы органдарында иштеген мезгилде Акбаева өзүнүн ишин мыкты билген жана чынчыл кызматкер катары көрсөттү жана анын жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, жамааттын урматына ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 17-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкектин А.Масалиев жана А.Бакаева көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаалар сүзүшүп, аял менен бала каза болуп, дагы 3 адам жаракат алышкан.

Бул окуяга шектелип 2004-жылы тууллган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17738