Бишкекте ипотекалык "Ынтымак" турак жай комплексинин курулушу башталды
RU

Бишкекте ипотекалык "Ынтымак" турак жай комплексинин курулушу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда "Мамлекеттик ипотекалык компания" тарабынан салына турган "Ынтымак" турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Бул туурасында прещиденттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат.

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи. Учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын, эмдиги жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталарын айтты.

"Социалдык жактан аялуу катмардын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган атайын программа каралган. Бул программанын алкагында турак жайды жеңилдетилген шартта, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат", - деди президент.

Садыр Жапаров азыркы тапта үйү жок жарандарды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады. МИК "Элдик банк" менен биргеликте "Топтоочу ипотека" долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор жеткиликтүү турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бир топ жеңилдетет. Мындан тышкары балдар үйлөрүндөгү жетим балдарды колдоо механизмдери иштелип чыгууда жана "Келечекке салым" аттуу жаңы долбоор даярдалып жатат.

Мамлекет башчы курулуш иштерин жетиштүү деңгээлде каржылоо жана инвестиция тартуу үчүн эл аралык инвесторлор менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, ал эми калган жарымы болсо курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарыга берилери маалым болду.

Бүгүнкү күндө Бишкекте 22573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15400 адам турат. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42316 батир салынып жатат.

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганына бурду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17728