Бишкекте ымыркайды үйдүн короосуна таштап кеткен эне изделүүдө
RU

Бишкекте ымыркайды үйдүн короосуна таштап кеткен эне изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды үйдүн короосуна таштап кетишкен. Маалыматты Kaktus.media редакциясына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 18-октябрда милицияга жеке үйдүн короосуна жаңы төрөлгөн баланы калтырып кетишкени тууралуу кабар түшкөн. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Биринчи Май РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бала үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17726