Баткенде түндө жол кырсыгы катталып, 4 адам көз жумду
RU

Баткенде түндө жол кырсыгы катталып, 4 адам көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде автокырсыктан 4 адам каза болуп, дагы 4 адам жабыркады. Маалыматты Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, кырсык 18-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Ош-Баткен-Разаков жолунун 76-800-чакырымында катталды. Ош облусунун Ж.Н. аттуу тургуну "Мерседес-Бенц-211" автоунаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, "Хонда-Степвагонду" сүзгөн. Экинчи унааны Кызыл-Кыя шаарынын И.А.М. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17724