Бишкекте УКМКнын Академиясы ачылды. Сүрөттөр
RU

Бишкекте УКМКнын Академиясы ачылды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров катышканын президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат", - деди Садыр Жапаров.

Ал ушул убакка чейин өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салды.

"Академия улуттук коопсуздук органдарына, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын ведомстволук бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүкчөлөрүнө кадрларды даярдайт. Анда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жетекчилик курамды окутуп чыгаруу, ошону менен бирге улуттук коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине илимий жактан изилдөөлөрдү жүргүзүү менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Президент Академиянын инфратүзүмү менен таанышып, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустарды кыдырды. Ал ошондой эле музей, спорттук зал жана курсанттардын ыңгайлуу жашоосун камсыздаган жатакананы көрүп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17719