Кантта 2 адамды өлтүрүүгө жана өрт койгонго шектүү кармалды
RU

Кантта 2 адамды өлтүрүүгө жана өрт койгонго шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө милиция кызматкерлери эки адамды өлтүрүүгө жана турак жайды өрттөөгө шектүүнү аныкташты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 12-октябрда саат 20:55те Ысык-Ата РИИБине Кант шаарындагы Пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Жерине барган ыкчам топ 4 батирден турган турак үйдөн өрт чыкканын аныкташкан. Батирдин биринен 1981-жылы туулган К.Анын күйүп калган денеси табылган. Өрт жанаша жайгашкан батирлерге да жайылган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Х.Р. аттуу жаран мас абалда Е.И. аттуу таанышына келип, кызганычтан улам аны жана И.О. аттуу жаранды сабап салганы такталган. Токмоктолгондор батирден качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок Х.Р. өзүнүн аракеттерин токтотпой, батирдин уктоочу бөлмөсүнө кирип, мас абалда жаткан К.А. аттуу жаранга медициналык спиртти куюп, өрт коюп чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Токмоктолгон Е.И. менен И.О. Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Аял дарыланууга жаткырылып, И.О. аттуу киши өз алдынча чыгып кеткен. 15-октябрда кишинин жансыз денеси Чекиров көчөсүнөн табылган.

Бул фактылар боюнча 16-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иштери козголду. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1990-жылы туулган Х.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иштери боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17714