Ошто көчөдө калды делген аял батирге жайгаштырылды
RU

Ошто көчөдө калды делген аял батирге жайгаштырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ош шаарында көчөдө жашап жатат деп талкууланган жарандын маселеси мэрия тарабынан көзөмөлгө алынды. Учурда аял батирге жайгаштырылганын Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, буга чейин аталган жаран вагондо жашап келген. Ал вагонго ээлик кылган тарап өз буюмун алып кеткен соң, аймактык башкармалык тарабынан башка батирге чыгып убактылуу жашап туруу же "Боорукердик" үй интернатына барып жашоону сунуштаган. Бирок андан баш тарткандыктан "Манас-Ата" аймактык башкармалыгынын Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө жайгаштырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17713