Ысык-Көлдө таңга маал жер титиреди
RU

Ысык-Көлдө таңга маал жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,1 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө болуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2.5 балл (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

ӨКМдан билдиришкендей, алдын ала жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17712