Таш кулаган Арал-Казарман жолу бир тараптуу ачылды
RU

Таш кулаган Арал-Казарман жолу бир тараптуу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкеси (270-271-чакырымдар аралыгы) тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун 270-271-чакырымдар аралыгын жаап калган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 м3 түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.

Азыркы тапта бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17711