Студенттер караңгыга чейин окушат. Билим берүү министрлиги президенттик аппаратка кайрылды
RU

Студенттер караңгыга чейин окушат. Билим берүү министрлиги президенттик аппаратка кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги президенттик аппараттан ЖОЖдор менен колледждердин окуу графигин өзгөртүү чечимин кайра карап чыгууну өтүндү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына ведомстводон билдиришти.

Министрлик тиешелүү катты президенттик аппаратка, анын ичинде Министрлер кабинети да жиберди.

Буга чейин Министрлер кабинети Бишкектеги ЖОЖдордо, колледждерде жана айрым мектептердеги окуу графигин өзгөрткөн. Бишкек шаардык мэриясы эртең мененки унаа тыгындарын ушундай жол менен азайтуу аракетин көргөнү менен бул дагы бир көйгөйгө алып келди. Студенттер азыр түн бир оокумга чейин окуп жатышат. Жогорку окуу жайларда экинчи нөөмөт боюнча сабактар саат 20:00дө аяктайт.

Жогорку окуу жайлар жаңы графиктен кийин студенттердин сабакка катышуусу азайгандыгын билдиришкен. Ал эми студенттер бул чечимди жокко чыгарып, мурунку окуу тартибин кайтарууну талап кылып петиция түзүшкөн.

Сабак саат 07:30да башталган мектептер боюнча маселе каралбайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: DPA / ТАСС.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17704