Түштүк Кореяга 30дан ашык кыргызстандык жумушка орношуу үчүн жөнөп кетти
RU

Түштүк Кореяга 30дан ашык кыргызстандык жумушка орношуу үчүн жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Корея Республикасына Бишкектен 39 адам жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча жөнөп кетти. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекендештерге алдын ала окутуу өткөрүлдү.

Аталган программанын алкагында 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандары Корея Республикасынын ишканаларында ишке орношуп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран иш менен камсыз болгон.

Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча, Корея Республикасына жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң долларына барабар айлык алышат.

Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:

  • тамак-аш;
  • химиялык өнөр жай;
  • кагаз өндүрүү;
  • пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.

Орточо эмгек акысы 1800 долларды түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17701