Зардалыга барчу жол кеңейтиле баштады
RU

Зардалыга барчу жол кеңейтиле баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат. Учурда тар жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатканын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Ал президент Зардалыга ушул жылдын 29-сентябрында барып, айыл тургундарынан кабар алганын эске салды.

"Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген", - дейт Алагөзов.

Зардалы - Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17690