Туризмди өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды
RU

Туризмди өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Кылычбек Рысалиев дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media'га аталган фонддон билдиришти.

Фондду буга чейин Кудрет Тайчабаров жетектеп келген. Ал ээлеген кызматынан бошотулганы бир аптадан кийин белгилүү болду.

Фонддун маалыматына караганда, Кылычбек Рысалиевдин лыжа базаларын өнүктүрүү боюнча чоң тажрыйбасы бар. 2022-жылдан бери Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда иштеп, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, долбоорлорду башкарууну жетектеген, ошондой эле 2024-жылдын башында эки ай фонддун президенти болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17687