Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт
RU

Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-октябрдан тарта борбор калаадагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат. Бул туурасында Бишкек мэриясынан кабарлады.

Фонтандар өчүрүлгөндөн кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат. Анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт.

"Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотууну жүргүзөт. Бул чаралар жабдуулардын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кийинки сезондо алардын үзгүлтүксүз иштешине багытталган", - дешет мэриядан.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар реконструкцияланып, 21-сентябрда ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17684