Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык жардам жеткирилди
RU

Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык жардам жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын Бадахшан провинциясындагы этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди. Гумжардамды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеп барды.

Ведомствонун маалыматы боюнча, миссия президентинин тапшырмасын ишке ашыруунун, Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын аткаруунун алкагында багытталган.

Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо, бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17683