Арстанбаптагы селге байланыштуу кылмыш иши козголду
RU

Арстанбаптагы селге байланыштуу кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылындагы селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү чиновниктер тарабынан мыйзам бузуу аныкталган дешет Башкы прокуратурадан.

Андагы маалыматка караганда, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.

Белгилесек, ушул жылдын 23-июлунда катталган селден Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн.

"Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана "Кадастр" Мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17682