Сосновка постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди
RU

Сосновка постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, Өтмөк ашуусунда да чектөө бар.

14-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү.

"Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда", - министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17680