Ташиев селден улам үйү жараксыз болгон 2 тургунга жаңы тамдын ачкычын тапшырды
RU

Ташиев селден улам үйү жараксыз болгон 2 тургунга жаңы тамдын ачкычын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылындагы 2 тургунга жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

Белгилесек, июль айында аталган аймакта сел жүрүп, турак-жайлар жараксыз абалга келген. Жалгыз бой эне, 4 баланын апасы Айзат Акбаева жана айылдын дагы бир тургуну Салмоорбек Утуровго Тай-Мурас Ташиев өз каражатынан жаңы турак үйлөрдү куруп берерин айтып, курулуш иштери мындан эки ай мурда башталган.

Камчыбек Ташиев алгач Айзат Акбаевага айыл аксакалдарынын катышуусунда жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Андан соң Мады айылынын тургуну Салмоорбек Утуровго да айылдыктардын катышуусунда жаңы турак үйдүн ачкычын берди.

"Элибиздин башына кандай гана көйгөйлөр келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызбы берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүккө жараша жардам колун сунууга чакырып келем жана Тай-Мурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын", - деген Камчыбек Ташиев.

Жаңы салынган үйлөр зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. 5 бөлмөлүү үйлөр кыска убакытта, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен курулганы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17660