Өлүкканадан кишинин сөөгү жоголгон. Милиция көмүлгөн жерди аныктады
RU

Өлүкканадан кишинин сөөгү жоголгон. Милиция көмүлгөн жерди аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы өлүкканадан жоголуп кеткен сөөк боюнча маалымат таратты.

Башкармалыктан билдиришкендей, 9-августта Ысык-Ата районунун соттук-медициналык эксперти Ш.В. милицияга арыз менен кайрылып, жетекчисине чара көрүүнү суранган. Арыздануучу жетекчиси 1947-жылы туулган К.В. жана 1989-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандардын сөөгүн өз билемдик кылып көмүүгө уруксат бергенин айткан.

Бул факты каттоого алынып, ишти кароо Ысык-Ата РИИБине жөнөтүлгөн. 8-октябрда бул факты боюнча 337-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумдардын сөөгү Кант шаарында жайгашкан жакындары жоктор үчүн көрүстөндө көмүлгөнү такталган.

Учурда кылмыш иши боюнча Ысык-Ата райондук сотуна эксгумациялоо боюнча арыз түшкөн. Тергөө иштери уланууда.

Башкармалыктан иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилерин маалымдашты.

Буга чейин депутат Акбөкөн Таштанбеков өлүкканадан маркумдун сөөгү жоголгонун Жогорку Кеңештин жыйында айткан. Айтымында, Кант шаарынын тургуну ага кайрылып, өлүкканада экспертиза жүргүзүлгөн инисинин сөөгү бир күндөн кийин жок болуп кеткенин билдирген.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев соттук-медициналык эксперттер менен сүйлөшүп, депутатка маалымат берерин убадалаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17659