"Ош базарында" Дары-дармек департаментинин кызматкерине бычак менен кол салуу болду
RU

"Ош базарында" Дары-дармек департаментинин кызматкерине бычак менен кол салуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "дарыкана наркоманиясы" менен күрөшүү максатында рейд жүргүзүлдү. Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери Ленин РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте "Ош базарынын" жана "Берекет-Универсалдын" аймагында лицензиясыз ишкердик жүргүзүү жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен рейд учурунда мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан соодагерлердин бири саюучу-кесүүчү буюм (ашкана бычагы) менен департаменттин кызматкерлерине кол салганын маалымдады.

"Бул боюнча 102 номерине кабарланып, милиция кызматкерлери чакырылып, Департаменттин кызматкерлери мыйзам бузган "Ош базарынын" жана "Берекет-Универсалдын" сатуучуларына тиешелүү чара көрүү боюнча арыз жазышкан.

Чакырууга барган Ленин РИИБнин тергөө кызматынын кызматкерлери кол салуу үчүн колдонулган бычактан тышкары 20 флакон "Тропикамид", "Тропикамид" каражатынын колдонулган 94 кутусун, 140 таблетка "Триган-Д" препаратын жана "Триган Д" таблеткаларынын колдонулган 300 кутучасын, "Мидакс" таблеткаларынын колдонулган 20 кутусун алышкан", - дешет министрликтен.

Алынган дары-дармектер боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 284-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана 77-беренесинин 1-пунктуна ылайык протоколдор түзүлүп, жеке жакка жалпы суммасы 17500 сомдү түзгөн 2 айып пул салынды.

Рейддин жыйынтыгы боюнча экспертизанын тиешелүү түрлөрү дайындалат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17656