ТИМ "Милтон" бороону катталган Флоридада канча кыргыз бар экенин айтты
RU

ТИМ "Милтон" бороону катталган Флоридада канча кыргыз бар экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Флорида штатында катталган "Милтон" күчтүү бороонунда жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө 3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургун электр жарыгысыз калды. Бороон штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтиргени кабарланды.

Маалыматтар боюнча, Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 100гө жакын. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.

Башкы беттеги сүрөт: Martin Zetina/AP.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17651