Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
RU

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кийинки аптада Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 128-чакырымында (темир жолдун 3898-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Мекемеден таш кулатуу иштери 14-18-октябрь күндөрү (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөрүн билдирди.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17650