Бишкектин базарларында этти арзан баада сатуучу пункттар ачылды
RU

Бишкектин базарларында этти арзан баада сатуучу пункттар ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин бардык азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы эттерин сатуучу социалдык аянтчалар уюштурулду.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, алар республикада эттин баасын турукташтыруу алкагында ачылган.

Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бардык жарандарды борбор калаанын азык-түлүк базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардын этти ортомчусуз арзан баада сатып алууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17648