Мөңгүлөрдүн талкаланышы. "Кыргызкөмүрдүн" эки кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду
RU

Мөңгүлөрдүн талкаланышы. "Кыргызкөмүрдүн" эки кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн 2 кызматкер иштен алынганын Энергетика министрлиги кабарлады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен "Кыргызкөмүрдүн" башкы директорунун Инвестициялык ишти жана ишкананын "Түштүк" филиалын тескеген орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын буйругу менен "Түштүк" филиалынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Түштүк" филиалынын кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен көмүр кенин каза турган жерге барууга жол куруу үчүн уруксат берип, натыйжада 9392 метер куб аянттагы мөңгүлөр талкаланганы такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17646