Асел Ногойбаева операция жасатуу үчүн Россияга учуп кетти
RU

Асел Ногойбаева операция жасатуу үчүн Россияга учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы күйөөсү кулак, мурдун кесип салган Асел Ногойбаева пластикалык операция жасатуу үчүн Москвага учуп кетти. Бул тууралуу редакцияга юрист Индира Саутова билдирди.

"Кечээ, 9-октябрда Асел агасы менен мурунду калыбына келтирүү операциясынын биринчи этабына Москвага жөнөп кетишти", - деди ал.

Саутованын айтымында, учакка билеттер акыркы мүнөттөрдө сатылып алынгандыктан, Ногойбаеванын Россияга баруусу макулдашылган эмес. Мындан улам чек арадан жеке идентификациялоодон өтүүдө кыйынчылыктар жаралган.

Буга чейин Асел Ногойбаева сентябрь айында пластикалык операция жасата турганы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17635