Араванда мектептин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду
RU

Араванда мектептин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районундагы мектептердин биринин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Ош мамлекеттик университетин гранттык негизде аяктаган айрым бүтүрүүчүлөр жалпы билим берүү мекемелеринин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп, мектепте иштеген деген эмгек китепчесин мыйзамсыз алышканы аныкталган.

"Такталгандай, 1996-жылы туулган Э.Э. 2018-жылы Ош Мамлекеттик университетин аяктап, Араван районундагы мектептердин биринин директору 1984-жылы туулган Э.М. менен ич ара сүйлөшүп, төмөнкү жагдайларда мыйзам бузуу менен мыйзамсыз эмгек китепчесин алган.

Мектептин директору Э.М. мектепте мугалим болуп иштебегенине карабастан, 15.11.2019, 15.11.2019 жана 15.11.2022-жылдардагы жалган буйруктарды каттоо журналына бош орунга жазып койгон. Ошондой эле эмгек китепчесине тарых мугалими болуп жумушка орношкону тууралуу жазуу киргизген. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Э.Э. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми мурдагы директор Э.М. жоопкерчиликке тартылып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү. Учурда билим берүү мекемелеринде ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17625