Али, Айлин, Аманда. Ошто үч эм төрөлдү
RU

Али, Айлин, Аманда. Ошто үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 32 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймагынын жашоочусу Садирали кызы Чолпондон кабар алды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, калаа башчынын орун басары эне менен балдардын саламаттыгын сурап, сүйүнчү берди.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17623