Бишкектеги балдар клиникасында ири өлчөмдө дары-дармек уурдалган
RU

Бишкектеги балдар клиникасында ири өлчөмдө дары-дармек уурдалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде күчтүү дары-дармектер уурдалган. Шектүү катары клиниканын анестезиолог-реаниматологу кармалганын ИИМден кабарлашты.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан бери балдар клиникасында анестезиолог-реаниматолог болуп иштеген 1991-жылы туулган К.Т. кызмат абалынан пайдаланып, "Д" аттуу ЖЧКсынын директорунун атынан баңгизатын алууга ишеним каттарды жасалмалап жүргөн. Шектүү каражаттарга түздөн-түз ээ болуу менен жеке колдонуу үчүн баңги жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, ири өлчөмдө зыян келтирген", - дешти министрликтен.

Кармалган адистин аракетине тийиштүү соттук экспертизалардын корутундусу менен укуктук баа берилет. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17622