Баткендин 25 жылдыгына карата облуста 25 объект ачылат
RU

Баткендин 25 жылдыгына карата облуста 25 объект ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата облус аймагында, 25 объекттин ачылуусу күтүлүүдө. Бул туурасында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.

14-октябрда ачыла турган жайлар:

  • Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты
  • Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр
  • Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал
  • Баткен шаарынын "Жеңиш" эс алуу багындагы рестпоинт
  • Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал
  • Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы
  • Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал
  • Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы
  • Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор
  • Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы "Жаш Талимтай" балдар бакчасы
  • Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр
  • Кадамжай шаарынын аймагындагы "Улыбка" балдар бакчасы
  • Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор
  • Лейлек районунун Бешкент айылындагы "Лайлы" негизги мектеби
  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы NOVA мектеби
  • Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр
  • Лейлек районунун "Саркент" жаратылыш паркындагы үйлөрү
  • Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты
  • Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи
  • Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты
  • Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех
  • Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех
  • Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана
  • Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17611