Маданият министрлиги соттун чечими жок "жалган" делген маалымат үчүн айып салышы керекпи?
RU

Маданият министрлиги соттун чечими жок "жалган" делген маалымат үчүн айып салышы керекпи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган жалаа жаап, мазактагандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу сунушталып жатат. Маданият министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин айрым комитеттери биринчи окууда кабыл алды. Айып пулдун суммасы, дегеле соцтармактагы билдирүүлөр үчүн айып салуу сунушу талкууга түштү. Kaktus.kg редакциясы бул документ боюнча жарандар эмне дейт пикирлерин угуп көрдү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору талкуу чордонунда.

Анда "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Мыйзамды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилгелеген.

Жарандар кандай ойдо?

Сурамжылоого катышкан жарандардын көпчүлүгү бул мыйзам долбооруна каршы. Алардын дээрлик бардыгы бул мыйзамсыз деле адамдын укугун бузгандарга карата жаза Баш мыйзамда жазылгандай эле жалган айтып адамды мазактагандарды айып пул чегерүү же жоопкерчиликке тартуу бар экенин айтышты. Алар дагы мыйзам ойлоп табуунун кереги жок дешет.

"Ар бир адам оюн эркин айта алышы керек. Баарыбыз өз оюбузду билдирүүгө укуктуубуз. Ар бир адамдын өз пикири болушу керек жана Баш мыйзам менен адамдын укуктарын коргоо кепилденет. Башканын эмне кереги бар?", - дешет алар.

Депутаттар эмне дешет?

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сунушталып жаткан айып пулдун суммасы Укук бузуулар кодексине дал келер-келбесине кызыкты.

"Миң эсе, эки миң эсе деген кайсыл кылмыш боюнча? Бул бузуу кодексине дал келеби? Бизде бузуу боюнча көптөгөн беренелер бар, 500 сом, 1, миң, 5 миң, 15 миң сомго чейин. Анан "балп" этип эле 100 миң десе болмок беле. Салыштырмалуу болуш керек да, бир кодекс болгондон кийин бирдей чара колдонуш керек. Анда чек болбосо миллон эсе деп жазып коёлу. Акыркы учурда дал ошол интернетте мени тепкилеген, сынагандар көп. Эмне гана айтылбайт. Коомдук ишмер болгондон кийин көп нерсеге чыдайсың да, айла жок", - деди депутат.

Масалиев мыйзамды аткарууну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөө туура эмес деп эсептейт.

Эл өкүлү Элдар Абакиров мыйзам долбоору айрымдарга курал болуп калбашы керектигин кошумчалады.

"Интернет чоң курал же маалымат майданы болуп калды. Бул бычак сыяктуу, аны менен нан кессең болот, аны менен адамга зыян келтирсең дагы болот. Кыргызда "Баш кесмек бар, тил кесмей жок", "Сууну сиңген жерге куй" дегендей көптөгөн макалдар бар. Балдарга зыян алып келе тургандай, психологиясына таасир эткен маалыматтарды токтотуу керек. Аны так жок кылыш керек кайсыл платформада болбосун. Бирок бул мыйзамда талаштуу жагдайлар көп... Бүгүн жалган, бир жылдан кийин чын болуп калса ким жооп берет? Мыйзамга маанилүү жагдайды киргизиш керек. Биринчиден, муну Маданият министрлиги эмес сот чечиш керек. Анткени сот өзүнчө орган, чечим чыгарганга укуктуу жана кесипкөй адистер. Экинчиден, айып пулду 3-5 миңден ашырбаш керек. Ошондо бул мыйзамды карап чыгыш керек", - деди депутат.

Абакиров ушул сунуштар кошулмайынча, артка кайтарууну сунуштаган. Бирок мыйзам долбоорун комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын көбү колдоп, экөө каршы добуш берип, ал биринчи окууда кабыл алынды.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес" мамлекет деп аталып жатат. Ага өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз болгону айтылып келет.

Ал арада Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын айтып келет.

Маалымдама

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренеси жана Жогорку Соттун пленумунун "Ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо тууралуу талаштарды чечүү боюнча соттук тажрыйба жөнүндө" 2015-жылдын 13-февралындагы №4 токтомунда ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо үчүн сотко кайрылышы керектиги көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17609