Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат менен кармалды
RU

Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат тараткан деген шек менен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалыматында айтылат.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан узак убакыт бою баңгизаттарды таратуу менен алектенип келген жана Жалал-Абаддын Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизаттарды ташып келүүнү жөнгө салган жаран тууралуу маалымат алынып, такталган.

"Жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жаран Бишкекте кармалып, чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат алынган. Кармалган жаран коомдук фонддун Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары болуп иштегени такталды", - деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган заттар кара куурай чайыры (гашиш) экени жана салмагы 23,81 граммды түзгөнү белгилүү болду.

Шектүү убактылуу кармоо жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17604