Кыргызстандык тайбоксчулар Азия чемпионатында 11 алтын утту
668
Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасы Ереван шаарында (Армения) өткөн Азия чемпионатында 13 медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен белгилешкендей, спортчулар 11 алтын, 2 күмүш утушту.
Алтын медалдын ээлери:
- Рамис Масловец (42 кг),
- Диана Заинитдинова (54 кг),
- Алия Саалыева (48 кг),
- Милана Шихшабекова (51 кг),
- Аделя Асылбек кызы (60 кг),
- Махабат Орозбекова (67 кг),
- Альберт Бактыбеков (57 кг),
- Элзаман Замирбеков (60 кг),
- Ихтияр Каныметов (63,5 кг),
- Султан Амангелдиев (71 кг),
- Дмитрий Луговой (91 кг).
Күмүш медалдын ээлери:
- Ильяз Абдулин (54 кг)
- Ахмед Ашурбеков (75 кг).
Эскерте кетсек, мелдеш 3-6-октябрь күндөрү өтүп, курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Табылдиевдин жетекчилиги алдында катышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/17602