"Тазалыктын" жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши ачылды
RU

"Тазалыктын" жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Тазалык" муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, текшерүүдө муниципалдык ишкананын айрым кызматкерлери 134,2 тонна жалпы суммасы 7 млн 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жибергени аныкталган.

"Тазалыктын" жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17600