Ташиевге кайрылган мектеп окуучусуна жардам беришти. Текшерүү иштери уланууда
RU

Ташиевге кайрылган мектеп окуучусуна жардам беришти. Текшерүү иштери уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК 21-декабрда, Ташиевге жардам сурап кайрылган кеминдик 9-жашар мектеп окуучусунун видеосу боюнча алдын ала текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамкомитетинин басма-сөз кызматы билдирди.

Ведомство таркаткан маалыматка ылайык, Кемин шаарчасынын №1 орто мектебинин окуучусу А. Шакирова, пандемиянын айынан анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктарга туш болуп, апасынын айлыгы төмөн болгондуктан мектепке төлөнүүчү каражатты төлөй албай жаткандыгын жана азык-түлүк сатып ала-албай жүрүшкөндүгүн айткан.

УКМКнын кызматкерлери ведомствонун жетекчиси Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Кеминге жөнөшкөн. Алар кичинекей кыздын үй-бүлөсү 5 адамдан тураарын жана чындап эле материалдык жардамга муктаж экенин аныкташкан.

Мектеп окуучусунун үй-бүлөсү УКМКдан биринчи зарылчылыктагы азык-түлүк жана жаңы жылдык белектерди алышты, деп билдирүүдө жазылган.

Шакировдордун үй-бүлөсү көрсөтүлгөн жардам үчүн Ташиевге ыраазычылык билдиришти жана көйгөй "объективдүү жана адилет" чечиле турганына үмүтү чоң экенин кошумчалашты.

Бул маселени карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, видеокайрылууда айтылган кырдаалдын бардыгын эске алынат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү баа берилет, деп ведомство тараткан релизде айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/175