Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны белгилүү болду
RU

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1-октябрга карата ишке орноштуруу кызматында каттоодо тургандардын саны 78,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматында айтылат.

Учурда каттоодо тургандардын саны 1-сентябрга салыштырмалуу 3,3 миңге азайды.

Облустар жана региондор боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган адамдардын саны төмөнкүдөй:

  • Жалал-Абад облусу – 20767 адам;
  • Ош облусу – 20007;
  • Баткен облусу – 13162;
  • Талас облусу – 4538;
  • Бишкек - 5252;
  • Ош – 4248;
  • Ысык-Көл облусу – 3625;
  • Чүй облусу – 3465;
  • Нарын облусу – 3057.

Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 56,9 миң адамды түздү. 1-октябрга карата ишке орноштуруу кызматынан 77 миң адам кеңеш алышкан. Жалпысынан 9433 жаран жумуш менен камсыз болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17592