Нарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын участогу мэрияга өттү
RU

Нарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын участогу мэрияга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Нарын шаарындагы 0,32 га жер тилкеси мамлекеттин карамагына өттү. Бул туурасында УКМКдан билдиришет.

Мамкомитеттен "Ала-Тоо" мейманканасынын администрациясы жанаша жайгашкан участок катары пайдаланылган аянт 2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы тарабынан тиешелүү талаптарды бузуу менен М.А. аттуу жаранга өтүп кеткенин айтат.

"Комиссия тарабынан "калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин" жеке менчикке берүүгө тыюу салууну регламенттеген Жер кодексинин 78-беренесин бузуу фактылары аныкталган. Бул Нарын облустук сотунун коллегиясынын ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы жана ал чыгарган жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин укукка ылайыксыздыгы жөнүндө күбөлөндүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган участоктун наркы мамлекеттик административдик имараттарга жакын жайгашкандыгын эске алуу менен 97 млн сомго бааланган.

Керектүү юридикалык процедуралардан кийин аталган участок мыйзамда белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17584