Баткенде 10 тоннадай запасы бар алтын кен мамлекетке кайтарылды
RU

Баткенде 10 тоннадай запасы бар алтын кен мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда баасы 50 млн доллардан ашкан алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Мамкомитет тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Көлбаев (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишин тергөөнүн уланууда. Анын алкагында "Апрелское AZI" алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлдү.

"Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кендин баасы 50 миллион доллар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17576