Экстремисттик уюмдун 7 мүчөсү түшүндүрүү иштеринен кийин диний агымдан баш тартышты
RU

Экстремисттик уюмдун 7 мүчөсү түшүндүрүү иштеринен кийин диний агымдан баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүүнүн алкагында "Йакын инкар" уюмунун 7 мүчөсүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. УКМКнын маалыматына караганда, алар уюмдун активдүү мүчөлөрү болушкан.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар "Йакын Инкар" диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс жактарын жана жаңылыштыгын толук моюнга алышты, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышты.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17564